Бүгүн, 8-январда Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын премьер-министрлери - Адылбек Касымалиев, Абдулла Арипов жана Кохир Расулзоданын үч тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдирди.
Маалыматка ылайык, анда тараптар бүгүнкү жолугушуу кызматташтыкты жана аймактык биримдикти чыңдоого умтулуусун ар дайым белгилеп келишкен үч өлкөнүн мамлекет башчылары Садыр Жапаров, Шавкат Мирзиёев жана Эмомали Рахмондун буга чейин жетишилген мамлекеттик чек арага байланышкан макулдашууларынын аркасында болуп жатканын белгилешти.
Үч мамлекеттин өкмөт башчылары өлкөлөр соода жана логистикадан тарта, суу-энергетикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарга чейин негизги тармактарда өз ара аракеттенүүнү күчөтүү үчүн эбегейсиз зор потенциалга ээ экендигин айтышып, мында чек ара жана аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү аркылуу өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты активдештирүүнүн кыймылдаткычы катары маанилүү роль ойноорун белгилешти.
Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процессинин аякташы белгиленип, “Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө” келишимге ратификациялык грамоталарды алмашылганы айтылды.
Ал эми Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек арасы тууралуу 2024-жылдын 4-декабрындагы макулдашууда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган аймактарын сыпаттоо толук бүткөрүлгөнү абдан маанилүү экени, эми жумушчу топтор жыйынтыктоочу документтерди даярдоону тез арада иштеп чыгуусу керектиги белгиленди.
Өкмөт башчылар жолугушуунун жыйынтыгында бүгүнкү отурум элдердин жана өлкөлөрдүн жыргалчылыгы үчүн аймактын кийинки ондогон жылдардагы тагдырын алдын ала аныктаарына ишенишерин, үч мамлекеттин президенттеринин алдыда боло турган жолугушуусу боордош өлкөлөрдүн ортосундагы жакшы коңшулук мамилелерди жана көп кырдуу өнөктөштүктү өнүктүрөрүн белгилешти.
Белгилей кетсек, жолугушуу Кыргызстандын Баткен облусунун, Өзбекстандын Фергана облусунун, Тажикстандын Согди облусунун аймактарындагы бул үч өлкөнүн мамлекеттик чек араларынын тогошкон чекитинде өткөрүлдү.