Илон Маск "Ливерпуль" клубун сатып алышы мүмкүн

Space X жана Tesla компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск Англиянын "Ливерпуль" футболдук клубун сатып алууга кызыкдар. Бул тууралуу америкалык миллиардердин атасы Эррол Маск Times Radio басылмасына берген маегинде айтты.

"Уулум "Ливерпулду" сатып алууну кааладыбы? Бул боюнча комментарий бере албайм, бааны көтөрүп жиберишет. Тамаша, ооба, ал кызыкдар. Бирок бул сатып алганы жатат дегенди билдирбейт. Ал каалайт, мен дагы каалайт элем.

Эмне үчүн ал "Ливерпулга" өзгөчө кызыгып жатат? Анын чоң энеси Ливерпулда төрөлгөн, биздин Ливерпулда туугандарыбыз бар. Биз Ливерпуль шаарына байланганбыз", - деген Эррол Маск.

Учурда "Ливерпуль" америкалык Fenway Sports Group спорттук инвестициялык компаниясына таандык. 2022-жылдын ноябрында маалымат каражаттары Fenway Sports Group клубду сатыкка койгонун жазып чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан