Баткен облусунун Арка-2 айылындагы турак үйдөн жарылган снаряддан жабыркаган эненин абалы туруктуу оор. Бул туурасында Ош облустар аралык ооруканасынын башкы дарыгери Атабек Жумалиев SUPER.KG порталына билдирди.
Башкы дарыгердин айтымында, абалына жараша чечим кабыл алынып, пландуу операция жасалат. Учуруда дары-дармектер жетиштүү, бейтап дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүндө.
Ал эми Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасына жайгаштырылган кыздын абалы туруктуу. Саламаттык сактоо министрлиги кошумча операция кылуу боюнча азырынча сөз боло электигин айтып, дарыгерлердин көзөмөлүндө дарыланып жаткандыгын билдирди.
Эске салсак, 5-январда Арка-2 айылында белгисиз жардыруучу зат жарылып, эки адам ооруканага түшкөнү белгилүү болгон. Баткен облустук милициясы окуядан 32 жаштагы аял жана анын 11 жаштагы кызы жабыркаганын маалымдаган. Маалыматта тургундар жашаган үйүнүн короосун жыйнап жатып, белгисиз затты таап алышканы, аны үйдүн жанындагы бетонго таштаган учурда жарылып кеткени айтылат. 39 жаштагы үй ээси жарылуучу зат 2022-жылдын 16-сентябрь күнү Тажикстандын агрессивдүү кол салуусунан улам калган болушу мүмкүн деген көрсөтмө берген.
УКМК жарылган зат снаряд экенин билдирген.
Жабыркаган кыз менен эне кийинки күнү Баткен ооруканасынан Ошко которулган.