Орусиянын түштүгүндө авиациялык күйүүчү май базасы өрттөнүп жатат (видео)

Бүгүн, 8-январга караган түнү Украинанын учкучсуз учактары Орусиянын Саратов облусунун Энгельс шаарындагы мунай кампасына сокку урду. Бул тууралуу чет элдик ЖМКлар жазды.

Маалыматка караганда, ал жерде орус аскерлери активдүү пайдаланган ири аэродромдордун бири жайгашкан. Облустун губернатору Роман Бусаргин менен Орусиянын Коргоо министрлиги чабуул болгонун тастыкташты.

"Бүгүн түнү Саратов менен Энгельс учкучсуз учактардын массалык чабуулуна дуушар болушту. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок. Кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам кызматтар жеринде иштеп жатат", - деп жазган Саратов облусунун губернатору Телеграмдагы каналында.

Кийинчерээк Орусиянын Коргоо министрлиги Саратов облусунда 11 учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн билдирген.

Телеграмдагы Astra жана башка жаңылыктар каналдары Энгельс шаарында жайгашкан авиациялык күйүүчү май сактоочу мунай базасындагы ири өрттү чагылдырган видео тасмаларды жарыялашты.

Видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан