Кемин районундагы жолдо 20 жаштагы жаранды унаа сүзүп кетип каза тапканын бүгүн, 8-январда Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан тастыктады.
Маалыматка ылайык, Кемин райондук ички иштер бөлүмүнө окуя тууралуу маалымат 3-январда түшкөн. Маалыматты такоо үчүн жерине барган милиция кызматкерлери кырсык ошол күнү болжол менен саат 20:58 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 122-800 чакырмында болгонун аныкташкан.
Анда 30 жаштагы жаран Volkswagen Golf III үлгүсүндөгү унаасы менен жолдон өтүп бара жаткан 20 жаштагы жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Натыйжада ал алган жаракатынан улам ооруканага жетпей каза болгон.
SUPER.KG порталына күбөлөр каза тапкан жаран жаш кыз экенин билдирип, жеринен тартылган видео менен бөлүштү.