Ысык-Көлгө аккуулар учуп келип, байыр алышууда. Мындай видеону сүрөтчү Тынчтык Мукамбетов Инстаграм баракчасында бөлүштү.
Кыргызстанга жыл сайын 350гө жакын келгин куштардын түрү учуп келет. Алардын катарында ышылдак жана куркулдак аккуулар дагы бар. Сүйүүнүн символу саналган канаттуулар көлдү айлана Тоң, Жети-Өгүз, Түп жана Ысык-Көл райондорунун жээктерин байырлашат. Аккуулар Ысык-Көлдө көбөйүп, анан кайра келген жагына учуп кетишет.
Окумуштуулардын маалыматы боюнча, Ысык-Көл келгин куштар үчүн ыңгайлуу жер, мында 100 миңге жакын сууда сүзүүчү канаттуулар кышташат. Алардан тышкары жазында, күзүндө жер которгон куштардын эс алуучу жана тоюнуучу жайы.
Белгилей кетсек, кыргыз жеринде байырлап, Ысык-Көлгө, Соң-Көлгө жана Чатыр-Көлгө көрк кошкон куркулдак аккуулар Кызыл китепке кирген канаттуу. Алар 1959-жылдан тартып корукка алынып, 1985-жылы Кызыл китепке кирген.