Өлкөдө кулпунай менен алманы эң көп өстүргөн багбандар аныкталды 

Кыргызстанда кулпунай менен алманы эң көп өстүргөн багбандар аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда Айыл чарба министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, кулпунай өстүрүү боюнча чемпион деп табылган дыйкан Нурбек Отогонов 1 гектар жерден 37 тонна кулпунай ала алган. Ал эми багбан Нурсултан Уланбек уулу алма өстүрүү боюнча мыкты аталып, 1 гектарга тигилген 2 миң түп алма багынан 25-30 тонна түшүм жыйнаган.

"29-январда Кыргыз улуттук агрардык университетинде иштин көзүн тапкан адистер менен дыйкандар өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, кулпунай жана алма өстүрүүнүн заманбап технологиялары жана түшүмдүүлүктү арттыруунун сырлары тууралуу айтып берет", - деп жазылат маалыматта.

Министрлик иш-чара тууралуу кошумча маалымат алуу үчүн 0770850015 номуру аркылуу министрликтин бөлүм башчысы Турат Идрисовго кайрылса боло тургандыгын кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан