НАТО Балтика деңизиндеги маанилүү объектилерди кайтара баштайт

НАТО Балтика деңизиндеги негизги курулуштарды, анын ичинде энергетика жана телекоммуникациялык кабелдерди апта соңунан тарта кайтара баштайт. Бул тууралуу финляндиялык Yle порталы билдирди.

Маалыматка караганда, кайгуул жүргүзүү үчүн альянстын 10го чейинки кемелери колдонулат. Операция апрелге чейин созулат. Күчтөрдүн негизги милдети суу астындагы инфраструктураны коргоо болуп саналат. Ошол эле учурда НАТОнун эл аралык сууларда башка кемелердин өтүшүн чектөөгө укугу жок.

Балтика деңизинде кайтарууну күчөтүү чечими Финляндия менен Эстониянын өтүнүчү боюнча кабыл алынган. Буга суу астындагы кабелдеринин бузулушу жана андан Хельсинки менен Таллиндин Орусиянын “көмүскө флотунан” шек санаганы себеп болгон.

25-декабрда Финляндия менен Эстониянын бийликтери жолдо бараткан Eagle C танкери Estlink 2 электр кабелин жана бир нече телекоммуникация кабелин бузуп алган болушу мүмкүн экенин айтышкан. Алардын ою боюнча, танкер орус мунайын үчүнчү өлкөлөргө ташып, санкцияларды айланып өтүүгө жардам берет. Фин полициясы кеменин жолунда якорь таап, танкер бийлик тарабынан кармалган.

Аймактагы суу астындагы инфраструктурага буга чейин чабуул жасалган. Ноябрь айында Швеция, Литва, Финляндия жана Германиянын ортосундагы кабель бузулган. 2023-жылдын октябрында "New New Polar Bear" кемеси Balticconnector газ түтүгүн жана башка кабелдерди бузуп салган.

Москва Балтика деңизиндеги зыянга тиешеси жоктугун билдирген. Бирок Финляндия булуңун коргоо Финляндиянын жана Эстониянын аскерлери тарабынан улантылат. НАТО мындан аркы инциденттерди болтурбоо үчүн күзөттөрдү күчөтүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан