Легендарлуу Жон Жонсту жеңген жалгыз мушкер 49 жылдан кийин биринчи жолу уга баштады

Мурдагы UFC мушкери Мэтт Хэмил өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына заманбап угуу аппараттарынын аркасында өмүрүндө биринчи жолу угуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонун жазды.

49 жаштагы жаштагы америкалык мушкер тубаса дүлөй болгон. Ал UFC уюмунун учурдагы чемпиону Жон Жонсту уткан жалгыз мушкер.

"Мен жаңы эле эң күчтүү санарип угуучу аппараттарды алдым. 40 жылдан ашуун убакыттан бери биринчи жолу мен айланамдагы дүйнөнү жана апамдын үнүн уктум. Бул эң сонун. Бирок ага көнүү үчүн бир аз убакыт керек экенин түшүнөм", - деп жазган Хэмил.

Хемил менен Жон Жонстун беттеши 2009-жылдын 5-декабрында Лас-Вегас шаарында өткөн. Анда биринчи бөлүктө Жон Жонс тыюу салынганына карабай атаандашын чыканак менен уруп жиберген. Бул үчүн Жон Жонс дисквалификация болуп, жеңиш Мэтт Хемилге берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан