Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жаңы заманбап вакцина сактоочу кампа ишке киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, жаңы кампа вакциналарды +2°Cден +8°Cге чейинки оптималдуу температурада сактайт. Вакциналар облустук кампадан жеткирилип, район ичиндеги медициналык мекемелерге таркатылып турат.
"Бул долбоор Ноокен райондук өнүктүрүү фондунун колдоосу менен ишке ашып, жалпы 3 923 198 сом акча каражаты сарпталган. Анын ичинен 3 523 198 сом фонд тарабынан бөлүнсө, 400 миң сом Ноокен райондор аралык ооруларды алдын алуу жана санэпидкөзөмөлдөө борборунан бөлүнгөн.
2024-жылдын май айында Республикалык иммунопрофилактика борбору тарабынан муздатуучу бөлмө бөлүнүп орнотулуп, мындан сырткары 5 жылуу жана 5 тоңдуруучу жабдуулар менен камсыздалды", - деп жазылат маалыматта.