Кыш мезгилинде жана эрте жазда абанын температурасы кескин түрдө жогорулап, кайра төмөндөгөндө дарактардын бутагында, жарнама калкандарда, имараттардын чатырларында салаңдаган муздар пайда болгонун көрүп жүрөбүз. Бул көрүнүшкө чоңдор көп көңүл бурбай шаша-буша жол уласа, кичинекей балдар аны түшүрүп ойногонго кызыгышат. Катуу жана учтуу муз кокустан түшүп кетсе, адам өмүрүнө коркунуч жаратарын эстен чыгарбоо зарыл. Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги төмөнкү эрежелерди эске алууну сунуштайт: