Бишкекте коомдук жайда чылым чеккендер текшерилип, 4 объектке 200 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Свердлов райондук администрациясы Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору жана райондук ички иштер башкармалыгынын инспекторлору менен биргеликте рейддик иш-чараларды өткөргөн.
Аталган иш-чаранын жүрүшүндө коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салуу талабын бузган тамактануучу жана көңүл ачуучу жайлар текшерилген. Анда жалпы 30 объект текшерилип, эрежени бузган: "Balagan", "Sarya", "Grammy" жана "Дым Востока" аттуу жайларга протоколдор түзүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып салынган.