
"Бишкек электр тармактары" ишканасы аба ырайынын суукташына байланыштуу күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Бул боюнча Энергетика министрлиги бүгүн, 8-январда маалымдады.
Ага ылайык, керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо максатында ишканада 12 ыкчам чыгуучу бригада нөөмөттө турушат.
"Ыкчам чыгуу үчүн атайын техника жана нөөмөттүк автоунаалар даярдалды. Штаттан тышкаркы кырдаалдар учурунда авариялык-оңдоо запасы ыкчам жоюу схемасын иштеп чыгуу менен даярдалган. Бардык оңдоо бригадалары зарыл запастык бөлүктөр менен камсыз болгон", - дешти министрликтен.
Электр энергиясы менен камсыздоо боюнча суроолор болсо колл-борборго 1209, 105 жана
0772 001209,
0702 001209 номерлерине кайрылса болот, же WhatsApp
0556 001209 номерине жазып, маалымат алса болот.
Министрлик абанын суукташы электр энергияны керектөөнүн өсүшүнө алып келерин, ал электр тармактар жабдууларына чоң жүктөмдөргө алып келиши мүмкүндүгүн эскертти.
"Керектөөчүлөрдү энергияны үнөмдөөгө жана бир эле учурда бир нече электр энергияны көп талап кылуучу шаймандарды колдонбоого чакырабыз", - деп жазылат анда.