ТИМ Өзбекстанда жол кырсыгына кабылган кыргыз жараны боюнча маалымат берди

Тышкы иштер министрлиги Өзбекстандын аймагында жол кырсыгына кабылган Кыргыз жараны тууралуу маалымат берди.

Ведомство буга чейин социалдык тармактарда Өзбекстандын аймагында жол кырсыгына кабылган Кыргыз жараны тууралуу маалымат тараганын белгилеген.

Ага ылайык, ушул жылдын 5-январында Дангара райондук ооруканасына Кыргыз жараны А.к.К. баш жана ички органдардын жаракаттары менен жаткырылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

"Ошол эле күнү ага операция жасалып, учурда жалпы палатага которулган. Абалы оор деп бааланууда. Ал дарыгерлердин такай көзөмөлүндө жана дарылануусун улантууда. Жанында тууганы карап жатат" деп айтылат кабарда.

Министрлик Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги медицина кызматкерлери жана жабырлануучунун жакындары менен байланышта экенин билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан