Президенттик администрацияда өлкөдөгү эпидемиологиялык абал талкууланды

Президенттин администрациясында Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы алдында өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча кеңешме болуп өттү. Бул туурасында бүгүн, 8-январда өкмөттөн билдиришти.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу. Курч респиратордук вирустук инфекциялар (КРВИ) менен 4245 адам, сасык тумоо менен 16 адам катталган.

Байсалов мектептер менен бала бакчалар толук кандуу иштей баштаган окуу сезону жанданаар алдында респиратордук инфекциялардын жайылышынын күчөшүнө жол берилбестигин белгиледи.

Кеңешменин жыйынтыгында Саламаттыкты сактоо министрлигине жана башка тиешелүү органдарга респиратордук вирустук инфекциялардын жайылышын алдын алуу боюнча иш-чараларды күчөтүү, ошондой эле өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды такай көзөмөлгө алуу тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан