Токмокто Фолксваген-Поло үлгүсүндөгү унаасы менен 26 жаштагы келинди 3 жашар кызы менен сүзүп алган айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Милиция тактагандай, окуя бүгүн, 8-январда Шамшы менен Колхозная көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Айдоочу рулду башкара албай калып, өтмөктүн жанында турган 26 жаштагы келинди 3 жашар кызы менен сүзүп алган. Анын кесепетинен 3 жашар наристе окуя болгон жерде чарчап калган.
Аталган факты Токмак шаарынын ички иштер бөлүмүнө катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси (Жол кыймылынын жана автотранспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу) негизинде кылмыш иши козголгон.
Учурда бардык зарыл болгон соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.