ӨКМде кышкы аскердик окуу-машыгуулар башталды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин республика боюнча түзүмдүк жана аскердик бөлүктөрүндө 2025-жылдын кышкы окуу мезгили башталды. Бул туурасында кечээ, 8-январда ӨКМдин маалымат борбору билдирди.
Маалымдалгандай, министрдин орун басары Урматбек Шамырканов иш-чаранын ачылышында сөз сүйлөп, министрликтин 2025-жылга коюлган пландарын так аткаруу, элге кынтыксыз кызмат кылууну талап кылды. Ошондой эле айттырбай келген табигый жана техногендик кырсыктардын, өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты жогорулатуу максатында кубаттуу, заманбап техникалык жаңылоо, куткаруучулардын тажрыйбасын жогорулатуу уланарын баса белгиледи.
Белгиленгендей, кезектеги кышкы окуу мезгилинде аскер кызматкерлерине күжүрмөн даярдык боюнча сабактар, практикалык иш-чаралар өткөрүлөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан