Тынч океандын Пасифик-Палисейдс аймагындагы катуу өрттүн натыйжасында белгилүү америкалык социалист, актриса Пэрис Хилтондун пляждагы үйү толугу менен өрттөндү. Бул тууралуу ал өзү социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анда ырчы бул үйдө жакшы көз ирмемдер өткөнүн белгиледи.
"Бардыгыбыз үйүбүздүн өрттөнүп жатканын түз эфирден көрүп отурдук. Бул абдан оор болду", - деп жазды ал.
7-январь күнү эртең менен Тынч океандын жээгиндеги Пасифик-Палисейдс аймагында катуу өрт чыккан. Катуу шамал жана кургакчылыктан улам өрт тез жайылып, аймак толугу менен күйүп кеткен.
Кырсыктан улам миңдеген адамдар эвакуацияланды. АКШнын вице-президенти Камала Харристин үйү эвакуация аймагына киргизилген.