Кадамжайдагы үрөй учурган жол кырсыгы 4 айлык наристенин өмүрүн алды

Баткен облусунун Кадамжай районунда катталган жол кырсыгынан 49 жаштагы аял жана 4 айлык наристе каза тапты. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 9-январда райондук ооруканадан тастыкташты.

Маалымдашкандай, дагы 7 адам ооруканага кайрылып, экөө үйүнө чыгарылган. Алардын үчөө оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жаткырылса, эки жаран сыныктар бөлүмүндө.

Баткен облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кырсык 7-январда саат 20:00 чамасында Ош–Баткен–Раззаков унаа жолунун 131-чакырымында болгонун билдиришти. Маалыматта Hyundai Sonata үлгүсүндөгү унаа каршы тилкеге чыгып кетип, Volkswagen Golf III үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөнү айтылат.

Учурда бул факт каттоого алынып, териштирүү иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан