Чолпон-Ата шаарындагы көлдүн жээгиндеги жер мамлекетке алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.
"Тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында, Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдун түштүк тарабында, көлдүн жээгинде жайгашкан жалпы аянты 11,7 гектар болгон жана наркы 392 миллион 652 миң сомго бааланган жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды", - деп билдиришти Башкы прокуратурадан.
Текшерүү учурунда бул жер тилкеси мыйзамсыз сатылып кеткендиги аныкталган.