Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Ош, Баткен, Жалал-Абад, Талас багытына кеткен жүргүнчүлөрдү "Аккула" ат майданы тараптагы автобекеттен гана кетүүгө чакырды.
Ал жарандарды шаар ичинен алып кетип жаткан айрым айдоочулар күнү-түнү уктабай иштеп жатат деген жүйө келтирип, андыктан жол кырсыгы көп болуп жатканын айтты. Вице-мэрдин айтымында, автобекеттен кеткен айдоочулар текшерүүдөн өтүп турат жана тажрыйбалуу.
"Бул автобекетте наркологдор бар. Айдоочулардын уктап эс алганын текшерип, анан жолго чыгарып жатабыз. Жүргүнчүлөрдөн айдоочуну Тelegram, Whatsapp аркылуу таап алып кетип калбай, автобекетке келип тажрыйбалуу айдоочуларга отуруп кеткиле деп суранат элек. Шаардан алып кетип жаткандардын иши, биринчиден, мыйзамсыз. Экинчиден, аларга жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу эмес, акча табуу маанилүү болуп жатат. Учурда автобекетке коомдук транспорттор каттап жатат. Автобус менен келип, аймактарга автобекеттен кетүүнү суранат элек", - деди Ырсалиев.