Бишкекте атасы ден соолугунан майыптыгы бар 17 жаштагы өз кызын зордуктоого шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда Ленин РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга 30-декабрда үй-бүлөлүк зомбулук боюнча билдирүү келип түшкөн. Ал факт боюнча С.Б. аттуу жаран Укук бузуулар кодексинин 70-беренеси (Үй-бүлөлүк зомбулук) боюнча кармалып, сот тарабынан 7 күнгө камакка алынган.
Ошондой эле анын аялы "күйөөсү 2007-жылы туулган майып кызына карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасаган болушу мүмкүн" деп арыз жазган.
"Бул факт боюнча текшерүү иштери башталды. Учурда бардык зарыл болгон экспертизалар дайындалды, алардын жыйынтыгы менен чечим кабыл алынат", - деп айтылат маалыматта.