Бүгүн, 9-январда ырчы, аткаруучу, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Сатыбеков туулган. Ал бул жылы 45 жашка толду. Ырчы мырзаны туулган күнү менен жакындары, кесиптештери социалдык тармактан байма-бай куттуктап жатышат.
Ал эми Сатыбеков Инстаграм баракчасында "мезгилдин барактары дагы бир барагын ачты" деп билдирүү кылтырып, сүрөт жүктөгөн.
Гүлжигит Сатыбеков Жалал-Абад облусундагы Аксы районуна караштуу Мукур айылында 1980-жылы 9-январда туулган. Ал көптөгөн ырлардын, обондордун автору. Анын бир катар ырларын кыргыз эстрада ырчылары Гүлнара Кахарова, Каныкей, Самара Каримова, Айнура Салахидинова, Роза Шакирова, Алмаз Шаадаев жана башкалар аткарып келишет.
Ырчы мырзанын репертуарындагы популярдуу ырлары – "Коштошуу", "Лейлектик кызга", "Тико", "А балким" жана башкалар. Анын аткаруусундагы "Мен сенден кетейинчи" аттуу ыры "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "Жылдын супер ыры" деп табылган. Ал эми ага 2018-жылдын 4-январында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамы ыйгарылган.