Жалал-Абадда экстремисттик материалдарды даярдоого жана таркатууга шектелип коңшу өлкөнүн жараны кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүү тууралуу маалымат алгандан кийин факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен кылмыш иши козголгон жана 1979-жылы туулган коңшу өлкөнүн жараны кармалган. Бирок облустук милиция шектүү кайсы өлкөнүн жараны экенин ачыктаган жок.
Тергөөдө ал интернет тармагы аркылуу "Хизб ут-Тахрир" (Кыргызстанда тыюу салынган уюм) экстремисттик агымынын материалдарын таркатып жүргөндүгү аныкталган.
Учурда тергөө иштер уланууда.