Токмоктогу 3 жашар кыздын өлүмү: Милиция унаа жайкы дөңгөлөк менен жүргөнүн айтты

Токмок шаарында 26 жаштагы келинди 3 жашар кызы менен сүзгөн унаа жайкы дөңгөлөктө болгон. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Милициянын маалыматына ылайык, келинди кызы менен сүзгөн Volkswagen Polo унаасынын арткы дөңгөлөктөрү жайкы дөңгөлөк болгон. Учурда айдоочу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кечээ, 8-январда Токмоктогу Шамсинская-Колхозная көчөлөүнүн кесилишинде Volkswagen Polo унаасынын айдоочусу тайгактан улам унааны башкара албай калып, жолдун четиндеги келин менен анын 3 жашар кызын сүзгөн. Кырсыктан наристе кыз ошол жерде каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан