Бишкекте ири суммадагы акча, 500 миңдик алтын буюмдарды уурдаган шектүү кармалды

Бишкек шаарында уурулукка шектелип 33 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, 2-январда милицияга Ж.Г. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү түндө шаардагы Молодёжная көчөсүндө жайгашкан үйүнүн терезени белгисиз адам талкалап кирип, 2 миллион сомун жана 500 миң сомдук алтын буюмдарын уурдап кеткенин айткан.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1991-жылы туулган Т.М. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан