Дүйнө жүзү боюнча паспорттордун күчүн баалаган Global Passport Power Rank’тын 2025-жылга карата рейтинги жаңыланды. Анда Бириккен Араб Эмираттарынын паспорту 180 упай менен 1-орунду ээледи. БАЭнин жарандары 133 өлкөгө визасыз кире алышат. Ал эми 47 өлкөгө барганда виза алышат жана 18 мамлекетке барууга виза талап кылынат.
Экинчи сапка 179 упай менен Испаниянын паспорту жайгашты. Ал 134 мамлекетке визасыз кирүү мүмкүнчүлүгүн берет, 45 өлкөгө келгенде виза берилсе, 125 өлкөгө барууга алдын ала виза талап кылынат.
Үчтүккө 178 упай менен 14 мамлекет кирген.
Алар:
Финляндия — (134 мамлкетке визасыз, 44 өлкөгө барганда виза берилет, 20 өлкөгө виза талап кылынат),
Франция — (134-44-20),
Германия — (133-45-20),
Бельгия — (133-45-20),
Италия — (133-45-20),
Дания — (132-46-20),
Нидерланды — (132-46-20),
Люксембург — (132-46-20),
Австрия — (131-47-20),
Португалия — (131-47-20),
Швейцария — (130-48-20),
Норвегия — (130-48-20),
Греция — (129-49-20),
Ирландия — (127-51-20).
Ал эми Кыргызстандын паспорту 78 упай менен 68-орунду ээледи. Анда Кыргызстандын жарандары 30 өлкөгө визасыз бара алышары белгиленген. Ал эми 48 өлкөгө барганда виза алышат жана 120 өлкөгө саякаттоо үчүн алдын ала виза талап кылынат.