Бишкек шаарында баңгизат таратууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда Ички иштер министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери шаарда баңги каражаттарды сатуу менен алектенип жүргөн адам тууралуу маалымат алышкандан кийин шектүүнү аныктап, аны кармашкан. Шектүү делген 34 жаштагы жаран өз ыктыяры менен таңгакталган баштыкчаларды өткөрүп берип, баңгизаттарды каткан жерлерин көрсөткөн.
Дайындалган экспертиза алынган заттар психотроптук альфа-ПВП заты экени аныктаган. Факты боюнча өткөн жылдын 24-декабрында Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголуп, кармалган жаран №1 тергөө абагына киргизилген.
Учурда аталган фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери уланууда.