Бишкекте жаш балдарды бычак менен коркутуп, телефонун тартып алууга шектелген жаран кармалды

Бишкек шаарында каракчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнөн билдирди.

Маалыматка ылайык, 23-декабрда Алтын-Казык жаңы конушунан шектүү делген адам жашы жете элек эки өспүрүмдү бычак менен коркутуп, бирин 10 миң сомдук Samsung үлгүсүндөгү телефонун тартып алган.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин (Каракчылык) негизинде кылмыш иши козголгон. 1976-жылы туулган шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда анын башка дагы кылмыштарга катыштыгы бар-жогу териштирилүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан