Армения бийлиги Евробиримдикке кошулууну көздөгөн мыйзам долбоорун жактырды. Мындай чечимди өлкөнүн өкмөтү бүгүн, 9-январдагы жыйынында кабыл алды. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.
Маалымдалгандай, мыйзам долбоору эми өлкөнүн парламентине жөнөтүлөт.
Мыйзам долбоорун сунуштап жатып, Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян “акыркы жылдары Армения менен Евробиримдиктин ортосунда интенсивдүү жана динамикалык мамилелер жогорку деңгээлде өнүгүп жатат” деп билдирди.
Бул арада республиканын премьер-министри Никол Пашинян Армения референдумдун жыйынтыгы менен гана Евробиримдикке мүчө боло ала тургундыгын белгиледи.
Айта кетсек, Армения 2023-жылы Евробиримдикке умтулганын айтса, 2024-жылы ага кошулуу багыты боюнча талкуулар күчөтүлгөн.