Түркияда жолду айтып бере албаган адамдын бутуна ок атылганын РИА Новости Sabah басылмасына шилтеме берип жазып чыкты.
Маалыматка караганда, Бурса шаарынын 53 жаштагы тургуну кафенин жанында турганда белгисиз адам жанына келип, андан бир үйгө кантип баруу керектигин сураган. Бирок ал жолду билбей турганын айтканда даректи сураган адам ачууланып атып салган.
Жабырлануучуга окуя болгон жердеги кафеде биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, андан соң ооруканага жаткырылган. Маалыматта Полиция ок аткан адамды издеп жатканы кошумчаланат.