Мамлекеттик цирктин мурунку башчысы эми "Учур" жаштар театрын жетектейт

Министрлер кабинетинин төрагасынын буйругу менен Мамлекеттик “Учур” жаштар театрына жаңы директор болуп Рыскул Боромбаев дайындалды. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, театрдын эмгек жамаатына жаңы жетекчини министрдин орун басары Тимурлан Ажымалиев расмий түрдө тааныштырды. Ал өз сөзүндө театрды өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын атап, быйылкы жылы жаңы имараттын курулушун баштоо негизги милдет экенин баса белгиледи.
Белгилей кетсек, 23-октябрда Рыскул Боромбаев башка ишке өткөнүнө байланыштуу Мамлекеттик цирктин жетекчилик кызматынан бошотулган эле.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан