Бүгүн, 9-январь күнү саат 13:56да Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Кутманалиев көчөсүндө жайгашкан турак үйлөрдүн биринин чатырынан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Жерине Каракол шаардык №15 Өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнөн 1 күжүрмөн эсеп тартылып, өрттүн жайылып кетүүсүн алдын алуу максатында кошумча дагы саат 14:05те 2-күжүрмөн эсеп тартылды.
Куткаруучулардын ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында саат 14:56да өрт толугу менен өчүрүлгөн.
"Өрттүн келип чыгуу себеби жана аянты такталууда, жабыркагандар жок", - деп билдиришти ӨКМден.