"Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын жана Транспорт департаментинин кызматкерлери тарабынан муниципалдык коомдук транспортко рейд жүргүзүлө баштады.
Мэрия кабарлагандай, анда шаардыктарды автобустар менен тейлөө сапатына, жол кыймылынын эрежелерин сактоого, автобус жүргүнчүлөрүн отургузуу жана түшүрүү тартибине, коомдук транспорттун тазалыгына көңүл бурулат.
Ошондой эле уруксат берилбеген жерге токтогон айдоочулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
"Белгилей кетсек, айрым автобустардын айдоочулары жүргүнчүлөрдү уруксат берилбеген жерлерден алып, түшүрүп, борбор калаанын жолдорунда тыгындарды жаратууда.
Мындан тышкары коомдук транспорттордун тоскоолдуксуз кирүү жана чыгуусун камсыз кылуу максатында пилоттук режимде аялдамаларга атайын белгилер жана сигналдык мамылар орнотулууда.
Пилоттук долбоор ийгиликтүү ишке ашса, башка аялдамаларда да ушундай белгилер пайда болот", - дешти мэриядан.