Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайынын директору кызмат ордуна сынак жарыяланды
Бишкек шаарындагы С.А. Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайынын директору бош кызмат ордуна сынак жарыяланды. Бул тууралуу Маданият министрлигинин маалыматында айтылат.
Ага ылайык, талапкерлер ар кандай багыттагы жогорку кесиптик билими, жетекчилик кызмат орундарындагы иш тажрыйбасы 5 жылдан кем эмес болушу шарт. Керектүү документтердин тизмеси шилтемеде.
Документтерди Маданият министрлигинин Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнө 22-январга чейин тапшырылуу зарыл. Толук маалымат алуу үчүн байланыш номерлер: +996 312 623639, 662683.