Ноокатта классташ кыздар мушташып, бири ооруканага барды

Ноокат районунда эки классташ кыздын урушу боюнча кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-декабрда Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө Көк-Жар айыл аймагынын 14 жаштагы тургуну, кыз бала алган жаракатынан улам ооруканага кайрылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Тергөөгө чейинки текшерүү иштеринде жабырлануучу ошол эле күнү мектепте классташы кызы менен өз ара пикир келишпестиктен улам уруша кетишкендиги белгилүү болгон.

Дайындалган соттук-медициналык экспертиза кыз жеңил жараат алгандыгын аныктаган. Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (Бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан