
Бүгүн, 9-январда Ысык-Көлдөгү Каракол–Эңилчек унаа жолунда кар жаап, бороон болуп жаткандыктан убактылуу жабылды. Бул жөнүндө ӨКМ маалымат таратты.
Анда унаа жолдун айрым тилкелеринде кар күрткү пайда болгону жана кар көчкү (76-92-чакырымдарында) түшүү коркунучу сакталгандыгы кабарланат.
Ага ылайык, Каракол–Эңилчек унаа жолунун 38-112-чакырым аралыктары өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында жабылып, учурда №11 ЖТИ тарабынан жолду тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.
Кошумча маалымат берилет.