Уругвайдын мурдагы президенти Мухика рактан дарылануудан баш тартты

Уругвайдын мурдагы президенти Хосе Мухика ракка каршы дарылануудан баш тартты.

Чет элдик ЖМКлардын жазганына караганда, анын кызыл өңгөчүнөн табылган залалдуу шишик боорго да өткөн.

"Кызыл өңгөчтөгү залалдуу шишик менин боорумду каптап жатат. Аны токтото албайм. Эмне үчүн? Анткени мен карыдым жана эки өнөкөт оорум бар. Мага химиялык дарыланууга жана операция жасатууга болбойт" деген ал.

Ошондой эле Мухика мындан ары интервью бербестигин жана жаңы дарыланууну пландабай турганын кошумчалаган.

Мухика дүйнөгө "эң кедей президент" деп таанылып, жөнөкөй жашоо образы менен белгилүү. Ал президенттик резиденцияда жашоодон баш тартып, борбордон анча алыс эмес жайгашкан Монтевидеодогу фермасында жашайт. Убагында алган айлыгынын көпчүлүк бөлүгүн кайрымдуулук иштерине жумшаган.

Эске салсак, Хосе Мухика 2010-жылдан 2015-жылга чейин Уругвайдын президенти болгон. Ал азыр 89 жашта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан