Москва районунда мектепти өрттөөгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, мурдагы күнү, 8-январда милицияга Ак-Суу айылында жайгашкан №1 мектептин директору арыз менен кайрылган. Ал жаран ошол эле күнү таңкы саат 04:30 чамасында белгисиз адамдар мектептин эшигин талкалап киришип, 2-3-кабаттардагы класстык бөлмөлөрдүн пардаларын өрттөшкөнүн айткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 216-беренесинин (Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же зыянга учуратуу) негизинде кылмыш иши козголгон. Шектүү катары мурда соттолгон 26 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Облустук милиция шектүү кылмыш жасап жаткан учурда мас болгонун жана пардаларды зажигалка менен өртөгөнүн белгиледи. Учурда бардык зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.