"Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасынын №1 күнөсканасында бир жылдык гүлдөрдүн биринчи себүү иштери жүргүзүлдү. Бул туурасында бүгүн, 10-январда мэриядан кабарлашты.
Маалымдалгандай, биринчи партияда бир жылдык гүлдөрдүн 370 миңге жакын уругу себилген.
"Гүлдөр өнүп чыккан соң алар чөйчөктөргө көчүрүлөт. Андан ары гүлдөр жашылдандыруу ишканасынын адистеринин көзөмөлүндө мекеменин күнөсканаларында өстүрүлөт. 2025-жылдын жай айларында борбор калаада 1 миллион 600 миңден ашык бир жылдык гүл гүлдөйт. Быйыл гүлзарларды сальвия, цинерария, пеларгония, катарантус, агератум жана башка гүлдөр кооздойт", - деп айтылат маалыматта.