АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушууга даярданып жатканын билдирди. Бул тууралуу республикачы 9-январда Флоридадагы Мар-а-Лаго резиденциясында губернаторлор менен боло турчу жолугушуунун алдында билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.
“Ал жолугушууну каалайт, биз аны уюштурабыз... Президент Путин жолугушууну каалайт, ал бул туурасында ачык айтты. Биз бул жаңжалды токтотушубуз керек”, - деген Трамп журналисттерге.
Кошумчалай кетсек, шайланган америкалык лидер 20-январдагы инаугурациясынан кийин бардык жолугушууларды өткөрүүнү пландап жатканын белгиледи.