Бразилиянын Сан-Паулу штатынын түндүк жээгинде жайгашкан Убатуба шаарындагы аэропортто Cessna Citation 525 бизнес-учагы кырсыкка учурады. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.
Маалымдалгандай, ал конуу учурунда ылдамдыкты азайтпагандыктан өрт чыгып кеткен. Бирок учактын ичиндеги төрт жүргүнчү аман калып, учкуч жүрөгү кармап каза болгон.
Күбөлөрдүн айтымында, учак абадан кулаган эмес, ал конуу учурунда токтоно албай калган.
Убатуба шаарынын полиция кызматы пляждагы эс алуучулардан үч жаран оор жаракат алганын билдирди. Учурда кырсыктын себептери тийиштүү кызматтар тарабынан аныкталып жатканы маалыматта кошумчаланган.