
Бүгүн, 10-январда эркин күрөш боюнча өлкө чемпиондугу башталат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдеш Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтөт. Беттештин биринчи күнүндө 57, 65, 74, 86, 97 килограмм салмак чениндеги спортчулар килемге чыгат.
Беттештер саат 11:00дө башталып, УТРК Спорт каналында түз эфирден көрсөтүлөт.