Өлкөдө сутка ичинде 14 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тилсиз жоону өчүрүүгө 16 бөлүм тартылган. Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан 1 чыгуу болгон.
Өрт кырсыгы катталган аймактар:
Бишкек шаарында 3,
Чүй облусунда 3,
Жалал-Абад облусунда 2,
Ысык-Көл облусунда 3,
Ош облусунда 2,
Ош шаарында 1 өрт катталган.