Кытайдан унаа жүктөп келе жаткан трал унаалары менен кошо өрттөнүп кетти

Коңшу Кытайдан унаа жүктөп келе жаткан трал Кубакы ашуусунда өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Кырсык бүгүн, 10-январь күнү саат 11:02де болгон. Анда министрликке Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун 156-чакырымында унааларды ташуучу чоң автоунаадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине Балыкчы шаары боюнча №19 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнөн 1 күжүрмөн эсеп тартылып, саат 11:54тө өрт чектөөгө алынып, 12:14тө толук өчүрүлгөн.
Жабыркагандар жок, өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан