Орусиянын Улан-Удэ шаарында 17 жаштагы окуучу кыз электрондук тамеки чегип каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда чет элдик басылмалар жазды.
Маалыматка караганда, кыз дааратканга кирип, көп убакытка чыккан эмес. Кыздын жакындары эшикти сындырып киргенде, өспүрүм эс-учун жоготкон абалда жаткан. Жерде жаткан кыздын жанынан уюлдук телефон жана электрондук тамекини табышкан.
Окуя болгон жерге келген полиция өспүрүмдүн бөлмөсүнөн дагы башка эки электрондук тамекини табышкан. Табылган бардык буюмдар, ошондой эле кыздын өлөр алдында жеген азыктары изилдөө үчүн экспертизага жөнөтүлгөн.
Учурда териштирүү иштери жүрүп жатканы айтылды.