Бишкектеги мейманканада 50 доллар тонолгон. Милиция шектүүлөрдү үйүндө жаткан жеринен кармады (фото)

Бишкек шаарында каракчылык кылганга шектүү жигиттер изи сууй электе кармалышты. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Милициянын маалыматына ылайык, 9-январь күнү болжол менен саат 03:40 чамасында Огомбаев көчөсүндөгү мейманканага белгисиз адамдар мыйзамсыз кирип келип, Д.И. аттуу жаранга карата күч колдонуп, курч буюм менен коркутуп, 13 миң сомдук уюлдук телефонун жана 50 доллар өлчөмүндөгү акча каражатын алышып, Хонда Фит үлгүсүндөгү унаа менен белгисиз тарапка качып кетишкен.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө 2003-жылы туулган Б.Н., 1999-жылы туулган М.А., 2004-жылы Ж.К. аттуу шектүүлөр кармалган.

Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Эскерте кетсек, учурда шектүүлөрдүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар экендигин аныктоо боюнча бардык иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан