Нарын шаарындагы ички көчөлөрдүн биринин лампочкаларын белгисиз адамдар талкалап кетишти. Видеону Нарын шаардык мэриясы бөлүштү.
"Бүт талкалаптыр, эч бирин калтырбай. Акмактардын кылганы да. Жакшынакай эле күйүп турчу. Башынан аягына чейин кетиптир", - деди видеонун автору.
Нарын шаардык мэриясы өз кезегинде шаардыктарды мүлктөргө аяр мамиле кылууга чакырды.