Чад Республикасынын президенти аны өлтүрүү аракети болгонун айтты

Чаддын президенти Махамат Идрис Деби Итно мурдагы күнү, 8-январда борбор калаа Нджаменадагы президенттик сарайга жасалган кол салуу аны өлтүрүү максатында болгонун билдирди. Ошондой эле ал каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты.

"Кол салуу аракетин жасагандар мени өлтүрүүнү каалашкан. Бирок алар өздөрү президенттик гвардиянын эрдиги жана эр жүрөктүүлүгүнүн аркасында жок болушту", - деп жазган Деби Итно X социалдык баракчасына.

Ал эми Нджаменанын прокурору чабуулдан эки аскер каза болуп, дагы беши жарадар болгонун билдирди.

Эске салсак, 8-январда Африка континентиндеги өлкө башчынын резиденциясына кол салуу болуп, 18 террорист жок кылынганы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан