Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, бүгүн 11-январда өлкө аймактарында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө күндүз +2 ... +7;
Талас жергесинде күндүз +2 ... +7;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында күндүз +3 ... +8;
Ысык-Көлдө күндүз 0 ... +5;
Нарын дубанында күндүз -3 ... -8;
Бишкекте күндүз +4 ... +6 градус жылуу болот.